Байбиче чекей (лат. Ammopiptanthus nanus, (D. Don) Cheng) - Бийиктиги 1,5 м ге жеткен дайыма жашыл бадал. Бутактары салыштырмалуу жоон, ийри-буйру, кабыгы саргыч, жаш өркүндөрү боз түктүү. Жалбырактары жазы эллипстей, кыска саптуу, агыш жыш түктүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, июлң-августта мөмөлөйт. Уругу жана вегетативдүү жол менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кашкарда (Кытай) жана Кыргызстанда белгилүү (Кабактоо жана Жумгалтоо тоолору, Көкөмерен суусунун бассейни).

Өсүү шарттары түзөтүү

Аска-таштуу, ар башка түстөгү топурактуу тоо беттеринде өсөт

Саны түзөтүү

Жалгыздан өсөт. 1979-жылдагы эсеп боюнча 15000 даана түбү бар.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Кооздугу жана дарылык касиети элди чогултууга кызыктырып, сел жүрүүнүн, чарбалык иштердин натыйжасында анын саны кескин кыскарып кетип жатат.

Өстүрүү түзөтүү

КР УИАнын Ботаникалык багында бир нече жолу атайлап өстүрүлгөн; уругу күзүндө себилгенде өсүндүсү апрелде пайда болуп, начар өскөн. Кышка өсүмдүктөрү жыгачтанбастан, жазында соолуп калат. Дүңгөлүү топуракта өспөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин (1975) жана Кыргыз ССРинин кызыл (1985) китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Миңкуш суусунун өзөнүндө башка эндем жана сейрек кездешүүчү түрлөр менен бирге ботаникалык заказник уюштуруу зарыл.

Статусу түзөтүү

EN. Сейрек кездешкен ареалы үзүк ( дизүюнктивдүү) түр. Белгилүү реликт тукумдун эки түрүнүн бири, Кыргызстанда ал тукумдун жалгыз өкүлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү