Байболот уулу Жандаке - (1853–1917) атактуу манасчы Болот уулу Назардын шакирти. Байболот уулу Жандаке 1853-жылы Ысык-Көлдүн Чырак айлында туулган.

Жаштайынан ыр-күүгө шыктуу болуп өскөн Жандакенин атасы элдик салтты, динди катуу туткан, сабаттуу адамдардан болгон. Ошонун таасиринен уламбы, ал оюн-зоок, каада-салт абдан жыш кездешкен эпостун “Көкөтөйдүн ашын” көбүрөөк айткан. Элдин айтымында, Жандаке “Манас” айтканда боз үйгө эл батпай, толуп кетчү экен.

Белгилүү манасчы жана фольклор изилдөөчү Ыбырайым Абдыракман уулу Жандаке менен 20 жылдай бирге жүрүп, андан таалим алгандыгын эскерет жана устаттарынын бири катары эсептеген.

Манасчы Байболот уулу Жандаке 1917-жылы “Ак-Шыйрак” деген жерде дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү