Байбөрү Шайдылда уулу (Туулган, өлгөн жылы белгисиз) Уста. 19-кылымдын аягындагы атагы таш жарган чеберлерден болгон.

Ат-Башыдагы черик элинен чыккан. Анын кармаган зер нускалары тарых, этнография музейлеринде, эл арасында сакталган. Байбөрүнүн устачылыгына назары түшкөн Жумгалдагы Кулжыгач элинин билерманы Мырзабек таеке-жээндигин кадыр тутуп жатып көчүрүп алат. Ал тапта Суусамырдагы Түркмөн эли устага кардар болот. Ал атактуу эл ырчысы Капык Акы уулунун кемер курун атайын тапшырма менен узанган. Туулган конушу Ат-Башы болсо да, Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор - төрт дубан элге талашка түшкөн зергердин дүңү азыр деле Тянь-Шань бөксөлөрүнө дайын. Билген карыялар Байбөрүнү жалаң өнөрү менен эл баккан адам эле дешет. Кийин Байбөрүнүн кичүү уулу Тургунаалыга өнөр оошот. Ошол кезде чоң уста балканы жаңыдан колуна алган уулуна: «Чоң иште мага жете элексиң, майда иште менден өтгүң. Зергерчиликте оңой нерсе жок. Ар ким мен кыйынмын деши мүмкүн. Бирок, жасаган буюмдары гана күбө»,- дечү экен. Зергер кийин картайып калган кезде да көнүмүш кесиби боюнча балкасын колунан түшүрбөй отурган. Байбөрү зергердин жана анын уулу Тургунаалынын колунан күмүш күлүп, кара темирлер камырдай жуурулуп жаткан чакта Тогуз-Торолук элден дагы бирөө келип, атайын кадыр салып Кабактан көчүрүп кетет. Зергердин өнөрүн кезегинде эл ушундайча баалаган. Кийин айып чарбасын коллективдештирүү кызуу башталып, ортолук устакана уюштурулат. Тургунаалы үч колхозго: «Кайыңды», «Дөдөмөл», «Кош-Булакка» тел уста болот. Кишиден башканы бүгүндөй ийине келтире жасаган уста 35 жашында оорудан каза табат. Ошондон соң өмүрдөшү Бурушбүбү жолдошунун дүкөнүн ээн калтырбай, анын ордуна узанган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0