Байгожоев Сейитказы (1929, Сокулук району – 1988, Бишкек) – филология илимдеринин кандидаты, ырчылар поэзиясын иликтөөдөгү ири адис, эл оозеки чыгармачылыгы боюнча өмүрүнүн аягына чейин үзүрлүү эмгектенип келген окумуштуу. 1956-ж. “Жазгыч акындар” боюнча түзүлгөн жыйнак бир топ жыл тынып калган жазгыч акындар проблемасын жандандырды десек да болот. Ошол жылдардан баштап негизинен чыгармачылыгы өсүп, совет доорунда учурунда кадимкидей өрүш алган акындарды иликтеген. “Эл ырчысы Калык”, 1960-ж. “Алымкул Үсөнбаев”, (1962), “Осмонкул ырчы” (1964) аттуу монографиялык эмгектери жарык көрдү. Анын айрыкча “Эл ырчысы Калык” аттуу монографиялык эмгегинде анын ичкериде чоң окумуштуулардын арасында илимпоздук көз карашынын калыптанышы, илимий маалыматтуулугу, чечкиндүүлүгү ачык сезилип турат. Калыктын чыгармачылык өнөрканасындагы үзгүлтүктөрдү, карама-каршылыктарды реалдуу талдап, өз деңгээлинде баа берет. Анын себептерин ачуудагы ой-жүгүртүүлөрү да бир топ ынанымдуу. Калыктын өткөн заманда улам бир “билермандын колуна өтүп, өз “кожоюнунун” кызматын өтөп, уруучулук көз карашты жактап, ырдап жүргөндүгүн белгилөө менен анын чыгармачылыгынын жаңы баскычка көтөрүлүшүн, элдик мотивдин кеңири чагыла башташын реалдуу фактылар менен далилдеген. Бул Калыктын чыгармачылыгын алгач иликтөөгө алган үзүрлүү эмгек бүгүнкү күндө гана эмес, кийин да өз баасын төмөн түшүрбөйт. “Осмонкул ырчы” аттуу монографиясында акындын чыгармачылыгы алгач иликтөө алкагына алынып, Осмонкулдун чыгармачылык өнөрканасынын калыптанышына өбөлгө түзгөн ички-сырткы жагдайлардын калыптанышы – фактылардын жаңылыгы менен көңүлдү бурат. Байгожоев тарабынан Т. Боогачиев, С. Чойбеков, А. Жутакеев, Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев, Куйручук-куудул ж. б. боюнча илимий портреттер түзүлүп, “Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктерине” кирген (1988). “Эшмамбет” окумуштуунун өмүрүнүн акыркы жылдары ооруп жатып чыгарган китеби. Жыйнак көлөмдүү баш сөз менен жазылып, ага Эшмамбеттин айтыштары, Ата-Журт, салттык ар кыл жана жаңы заман ырлары кирген. Албетте, чоң акындан чоң мурас калбаганы өкүнүчтүү болсо да, ушул китепченин окурмандардын колуна тийгизип кеткен маркумга ыраазы гана болобуз. 1960-жылдан баштап, Б. эл оозеки чыгармачылыгын изилдөөгө да көп көңүл бура баштады. Анын авторлугунда “Кыргыз эл жомоктору”, “1916-жылдагы улуттук көтөрүлүш элдик поэзияда”, “Ата Мекендик согуш мезгилиндеги эл оозеки чыгармачылыгы” аттуу орчундуу бөлүмчөлөр жазылып, “Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери” жарык көрөт. Ал ырчылык поэзия менен элдик оозеки чыгармачылыгын катар алып жүргөн илимпоз болгон.

Колдонулган дабияттар. түзөтүү