Байдилдеев, Жумагул Рыскулбекович

Жумагул Рыскулбекович Байдилдеев (Jumagul Baidildeev; 1974-жылы кулжа - июнь айынын 14үндө туулган) – кыргызстандык тарыхчы жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты (2014).

Жумагул Рыскулбекович Байдилдеев (14.6.1974). Бишкек ш., Кыргызстан. 20.8.2015.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Жумагул Рыскулбекович Байдилдеев 1974-жылы 14-июнда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган.

Атасы Рыскулбек Байдилдеев (1924-1991) – кыргыздын моңолдор уруусунан, санжырачы болгон. Казыбектин казалдарын жатка айткан.

Энеси Күмүш Абылмечинова (1947-2003) – соода кызматкери болуп иштеген. Баетов (мурдагы Дөрбөлжүн) айылынан. Алар беш балалуу болушкан, Жумагул – үчүнчүсү.

Орто мектепти аяктаган соң, Жумагул 1994-1995-жылдары Кыргызстандын аскер-аба күчтөрүндө аскердик милдетин өтөгөн.

Эмгек жолун 1995-жылы Мамлекеттик архив тармагында иштөө менен баштаган.

2000-жылы Москва Менеджмент жана Коммерция университетинин Каракол шаарындагы филиалынын экономика бөлүмүн, 2005-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун тарых жана укук таануу адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

2005-2007-жылдары И.Арабаев атындагы КМУда окутуучу болуп иштеген.

2007-2014-жылдары КР УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкери.

2007-жылдан өзү негиздеген “Рух кенчи” гезитинин башкы редактору, 2012-жылдан тарых изилдөөчү “Эстутум” коомдук фондусунун аткаруучу директору.

2010-жылдан КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы архив агенттигинин башкы адиси.

2015-жылдан тарыхый-илимий “ Тарыхый мурас” журналынын башкы редактору.

Илимий чыгармачылыгы түзөтүү

Ал негизинен 19-20-кылымдардагы кыргыз айдыңдарынын жана башка тарыхый инсандарынын өмүрүн, падышалык жана советтик архивдердин Кыргызстан тууралуу материалдарын иликтейт.

Бир нече китеби тарыхтын актай барактарын изилдөөгө, 20-кылымдын башындагы кыргыз жана казак интеллектуалдарынын өз ара карым-катнашын изилдөөгө арналган.

2014-жылы “Кыргызстандагы 1937-1938-жылдардагы саясий куугунтуктоолор жана анын курмандыктары” аталышындагы тарых илимдеринин кандидаты илимий ишин коргогон. Илимий жетекчиси - тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

“КР Маданияттын мыкты кызматкери”, “КР архив ишинин мыкты кызматкери”, “КР Мамлекеттик каттоо кызматынын мыктысы” ж.б. сыйлыктары бар.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы Мырзаева Нускайым, кесиби юрист. КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана материалдык ресурстар агенттигинин кызматкери.

Уулу Рыскулбеков Адилхан Жумагулович - Бишкек шаарындагы № 38 гимназиянын окуучусу.

Кызы Рыскулбекова Назайым Жумагуловна - бала бакчанын тарбиялануучусу.

Эмгектеринин тизмеси түзөтүү

  • Байдилдеев Ж. Кыргыз-казак интеллигенциясынын байланыштары (ХХ к. башы). – Бишкек: Макспринт, 2015. – 172 б. – ISBN 978-9967-04-650-4.
  • Байдилдеев Ж. Үркүн үнү - Султан Далбай уулу. - Бишкек: Макспринт, 2015. - 158-б. - ISBN 978-9967-04-634-4.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү