Байдулу темир кениНарын районунда, Нарын шаарынан 65 км түндүк тарапта, Байдулу тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 3600–3900 м бийиктикте. 1931-ж. табылып, 1950-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагынын геологиясын палеозойдун чөкмө тектери жана татаал түзүлүштөгү габбро, перидотит дайкалары түзөт. Руда тулкусу тектоникалык жаракалар менен тилмеленген дайкалар жана акиташ тегинин кошулган жериндеги карбонат-серпентиндүү брекчияда топтолгон. Кен тилкесинин узундугу 12 кмге чейин. Негизги минералдары: магнетит жана гематит, аз санда пирит, халькопирит, борнит кездешет. Темирдин кондициялык өлчөмү 30,48–53,48%. Запасы 210,7 млн m.

Колдонулган адабияттар түзөтүү