Байжигитов Калыбек - сынчы, адабиятчы.

Калыбек Байжигитов 1952-жылы 8-декабрда Ысык-Ата районунун Бириккен айылында туулган.
1969-жылы Сын-Таш орто мектебин, андан кийин 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Өзүнүн эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкерликтен баштаган.
1983-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына диссертация коргогон.
1982–1997-жж. аралыгында КМУУда окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы жана кыргыз филологиясы факультетинин деканы кызматында,
1997-жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетке которулуп, филология факультетинин деканы, кыргыз адабиятынын кафедра башчысы,
2001-жылдан Мамлекеттик тил жана маданият институтунда директордун окуу иштери боюнча орунбасары болуп иштеген.
2006-жылдан Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте кафедра башчысы, профессор болуп эмгектенет.

К.Байжигитов адабий сынчылыкка студент кезинен активдүү аралаша баштаган. Анын адепки рецензиясы 1972-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитине жарыяланган. Ошондон баштап 150дөн ашуун ар кыл макалаларды жарыялады. Ал эки томдук «Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы», «Кыргыз эл акындарынын чыгармачылыгы», «Кыргыз адабият таануу илими жана сыны» китептеринин авторлорунун бири.

1989-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.

Жарык көргөн китептери:

Кыргыз тилинде

  • Турмуш жана мүнөз: Адабий сын макалалар. – Ф.: Мектеп, 1982.–107 б.
  • Кайчылаш жолдор: Сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985.–71 б.
  • Кыргыз мифтери, уламыштары жана легендалары. – Ф.: Илим, 1985.–170 б.
  • Кыргыз адабий сынындагы чеберчилик маселелери. Б.: КМУУ, 1991.–90 б.
  • Кыргыз адабий сынынын тарыхы. I бөлүм. – Б.: 1992.–208 б.
  • К.Осмоналиев: Чыгармачылык өнөркана сыры. – Б.: КМУ, 2003.–130 б.
  • Кыргыз адабий сыны жана илими. – Б.: Полиграфкомбинат, 2006.–170 б.