1. Жаратылышта көп болуп жаткан өзгөрүштөрдүн жүрүшүн түшүнүүгө мүмкүндүк бере турган кабыл алуу процесси;
  2. Илимий изилдөөгө баштапкы материалды берүүчү сырткы дүйнөнү атайылап жана максатталган багытта карап үйрөнүү.

Байкоо жөнөкөй жана татаал, түздөн-түз жана эксперимент менен улашып, кайсы бир каражаттар аркылуу болушу мүмкүн. Бирок эксперименттен айырмаланып, Байкоо процессинде субъект объектиге өктөм таасир этпейт. Мунун өзү айрым учурда (психологиялык, социалдык, ж. б.). Байкоонун кемчилиги эмес артыкчылыгы катары бааланат.

Байкоодо адамдын сезип туюу органдарынын табигый мүмкүндүгү чабалдык кылган учурларда аспаптар менен приборлорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок мындай болгондо айрым учурларда (Мисалы: микродүйнөнүн кубулуштарын кароодо) байкалуучу объектиге прибордун «козгогуч» таасирин эске алуу зарылчылыгы келип чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү