Байкуш сымалдар - (Caprimulgiformes) филогенези үкү сымалдарга жакын куштар түркүмү. Тумшугу кыска, оозунун кыйыгы чоң. Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү. 93 түрү, 5 тукуму, анын ичинде гуахаро, алп чоң байкуштар жана кадимки байкуштар (козодойлор) белгилүү. Жумурткасын ургаачысы жана эркеги басат. Кадимки байкуштун канаты жана куйругу кыска, жүнү жумшак, түсү коргонуу кызматын аткарат. Учканда үн чыгарбайт. Көзү чоң. Бутакты бойлой конушат. Анын 18 уруусу, 70 түрү кеңири таралган. Мээлүүн кеңдикте жашагандары келгин куштар. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Кадимки байкуш чыгышта таралган, дене узундугу 28 смге чейин жетет. Токой четинде, кыйылган токойдо жана токойсуз ээн жерлерде жашайт. Жумурткасын жердеги чуңкурга тууйт. Балапандары калың тыбыт менен капталган. Май коңузу менен азыктанат.

Caprimulgus macrurus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4