Байламталар (анатомияда)

Байламталар (анатомияда) - муундардын баштыкчаларын бекитүүчү тыгыз бириктиргич ткандан турган тарамыштар.

Пластинка түрүндөгү Байламталар муун баштыкчаларында, анын тегерегинде жана ичинде орун алат. Ал сөөктөрдүн кабына бекүүчү чоюлма же коллаген ткандуу тарамдардан турат. Адамда муундарды байланыштырчу 800гө жакын Байламталар бар. Алар муундарды ар кандай кыймылга келтирип турат. Аткарган милдеттери боюнча 3 топко бөлүнөт. Бир тобу муундарды бир багыттуу кыймылга келтирсе, экинчиси муундарды кыймылсыз кармап, үчүнчүсү алардын кыймылын азайтып, акырындап иштөөсүнө шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.