Байламтал хальцедон кени

Байламтал хальцедон кени Жалал-Абад облусунун Тогузторо районунда, Көгирим (Арал) кыштагынан 25 км аралыкта. 1977-ж. ачылып, изилденген. Кен аймагында доломит менен кремнийлүү сланец жатат. Алардын кошулган жеринде тектоникалык жарака кетет. Анда хальцедон-темирлүү брекчия тилкеси кездешет. Мында кварц сыныктары күрөң, сары-күрөң жана кызыл түстөрдөгү аморфтуу хальцедон-темирлүү масса менен камдашып калган. Тилкенин узундугу 150 мге созулат. Запасы 1000 mдай. Таштан майда кооз буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү