Байланышкан системалар - эки же андан көп эркин даражага ээ термелүүчү системалар жыйындысы. Алар бири-бири менен өз ара аракеттенишет жана ар бири бирден эркин даражалуу болот. Мындай системага бир же бир нече термелүү контурлары кирет. Аларда бири-бири менен байланыш болгондуктан, термелүү жана энергия бир контурдан экинчи контурга өтөт. Андагы байланыш жалгыз контурга салыштырмалуу резонанстык кубулуштун мүнөзүн өзгөртөт. Байланыш системасында качан сырткы таасирдин жыштыгы бүткүл системанын өздүк жыштыгынын бирине дал келгенде резонанс пайда болот. Мисалы, эки контурдан турган байланыш системасында резонанс эки ар кандай жыштыкта пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4