Байланышкан термелүүлөр

Байланышкан термелүүлөр – өз ара аракеттешкен жөнөкөй термелүү системасынан турган байланышкан системалардын эркин термелүүсү.

Бир парциалдык системадагы термелүү башка термелүүлөргө байланыш аркылуу таасир эткендиктен Байланышкан термелүүлөр татаал түрдө болот. Сызыктуу системаларда Б. т. нормалдуу термелүүнүн суперпозициясы түрүндө болушу мүмкүн, мынaда термелүүнүн саны парциалдык системанын санына барабар. Бирок жыштыгы обочолонгон парциалдык системалардын өздүк жыштыгы менен дал келбейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү