Байланыш кабели - сигналдарды электр же оптикалык түрдө өткөрүүчү зым. Ал аркылуу телеграмма ж-а фототелеграмма, телефон аркьшуу сүйлөшүүлөр, телекабар, статистикалык маалымат, телемеханикалык системанын сигналдары берилет. Байланыш кабели симметриялуу жана коаксиалдуу конструкцияда; берилүүчү жыштык спектри боюнча төмөнкү (10 кГцтен кичине) ж-а жогорку (10 кГцтен чоң) жыштыктагы; колдонуу тармагына жараша алыскы (шаар аралык) ж-а жергиликтүү кабель болуп, асма, жер жана суу астына орнотулат. Линиянын ток өткөрүүчү бөлүгүнүн диаметри 0,3-1,6 мм жез зымдан жасалып, изоляцияланган зымдары экиден (бир тизмек) ж-а төрттөн (эки тизмек) чыйратылат. Симметриялуу байланыш кабелиндеги түгөйлөш зымдын саны 1-3600гө (тажрыйбалык керме 4800гө), коаксиалдуу Байланыш кабелинде 2-20га жетип, түгөйлөш ар бир керме боюнча ЗбООгө жакын телефондук сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Байланыш кабели.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4