Байланыш реакциялары - нерсенин механикалык системанын чекитине аракет этүү менен механикалык байланышты пайда кылуучу күчтөрү. Алар байланышка аракет этүүчү күч бар учурда карамакаршы күч катары (к. Ньютон закондору) пайда болот. Мисалы, темир жол рельси вагондун кыймылын чектөөчү байланыш, ал эми рельстердин вагонго таасир этүүчү күчү байланыш реакциясы болуп эсептелет. Системага аракет кылган сырткы күчтөрдөн айырмаланып, байланыш реакциясынын чоңдугу жана багыты алдынала белгисиз болот. Алар системадагы нерселердин өз ара байланыш шарттарына, системага аракет кылган сырткы күчтөрдүн чондуктарына жана багыттарына, системанын кыймылынын законченемдүүлүктөрүнө ж. б. көзкаранды болот. Мисалы, тегиздиктин үстүндө жаткан нерсе (1-чийме) сырткы F күчүнүн аракетинен х багыты боюнча кыймылдайт. Бул системадагы байланыш реакциялары кыймылдын багытына каршы пайда болгон сүрүлүү F күчү жана нерсенин тактайдын бетине жасаган р басым күчү болуп эсептелет. 2-чиймеде тик тегиздиктеги жипке шарча илинген. Мында пайда болгон байланыш жиптеги шарчаны кармап туруучу чыңалуу Т — күчү жана жок тегиздиктин шарды түртүп турган N күчү. Байланыш реакцияларын байланыштын түрүнө көз каранды болбостон, системага таасир эткен активдүү күчкө да көзкаранды. Анын багыты кээде байланыштын түрү менен аныкталат. Жалпы учур үчүн динамиканын маселелерин чыгарууда бошонуучулук принциби колдонулат, башкача айтканда эркин эмес механика система эркин деп каралат. Ал үчүн кыймылдын бардык учурунда байланыштын системага койгон шарты аткарылгандай тандалып алынган чекиттерине коюлат. Бул күчтөр байланыш реакциялары деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4