Байланыш реакциясы – байланыштын механикалык системанын чекитине аракет эткен күчү.

Активдүү күчтөн айырмасы Байланыш реакциясына мурда белгисиз чоңдуктан алынат. Алар байланыштын түрлөрүнө гана көзкаранды болбостон, системага таасир эткен активдүү күчкө да көзкаранды. Кээ бир учурларда Байланыш реакциясынын багыты байланыштын түрлөрү менен аныкталат. Байланыш реакциясынын бодуракай бет үчүн эки түзүүчүсү бар: нормалдуу жана жаныма Байланыш реакциясы Булар сүрүлүү күчү деп аталат. Жалпы учур үчүн динамиканын маселелерин чыгарууда бошонуучулук принциби колдонулат, б. а. эркин эмес механикалык система эркин деп каралат. Ал үчүн кыймылдын бардык учурунда байланыштын системага койгон шарты аткарылгандай тандалып алынган чекиттерине коюлат. Бул күчтөр Байланыш реакциясы деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү