Байланыш энергиясы - элементардык бөлүкчөлөр системасын байланыштыруучу энергия менен ошол бөлүкчөлөрдүн эркин абалындагы энергия суммасынын ортосундагы айырма. Ал энергия ядрону айрым нуклондорго ажыратуучу энергияга барабар. Байланыш энергиясы ядронун туруктуулугун мүнөздөйт. Туруктуу системанын байланышы терс жана абсолюттук чоңдугу канчалык жогору болсо, система ошончолук бышык болот. Мисалы, атом ядросу үчүн байланыш энергиясы ядродогу нуклондордун күчтүү аракети менен аныкталат. Эйнштейн катышына ылайык масса дефектисине пропорциялуу: Ат/АЕ=Атс2. Aтом ядросундагы нуклондор (протон жана нейтрондор) кармап туруучу байланыш энергиясы миллиондогон эВ менен ченелет. Өтө туруктуу ядронун байланыш энергиясы 8 -106 эВ/нуклонто (сыйымдуу байланыш энергиясына.) барабар. Бул энергия жеңил ядролордун оор ядрого кошулушунда, ошондой эле оор ядронун тез ажырашында бөлүнүшү мүмкүн. Мында сыйымдуу байланыш энергиянын төмөндөшү атомдук номердин өсүшү менен түшүндүрүлөт, к. Радиоактивдуулук.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4