Байтеше
Байтеше - жыгаччылардын аспабы, чот кетмен түспөлдүү керки. Чеберлер мунун эки жагын тең, же бир жагын жыгач сапка ашташат. Бул аспап жоон, жумуру жыгачтардын бетин чуңкурайтып, оюп-чаап иштетүүдө өтө оңтойлуу болот. Байтеше менен усталар көбүнчө ээр чабышат. Табак, сузгу, челек, соку сыяктуу кырма иштерин оюп жасоого оңтою бар.
Маалыматтын булагы
түзөтүү- Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)