Байтиктин Бас бөлтөгү - Кыргыз Ала-Тоосунан Байтик өрөөнү аркылуу бөлүнүп турган дөңсөөлүү адыр.

Бишкек шаарынан 6 км түштүк тарапта. Уз. 10 км, туурасы 4-6 км, орточо бийиктиги 1200-1400 м. Негизинен неогендин кум-чополуу жана плейстоцендин шиленди тоо тектеринен турат. Дөңсөө чыгыш тарабынан Ала-Арча өрөөнү менен чектешет. Ортоңку бөлүгү бийиктеп, батыш жана түндүк тарабы тепкич-тепкич болуп басаңдайт. Дөңсөөнүн үстү жайык, кыртыштуу, түндүгүнөн майда тектоникалык жарака өтөт. Негизинен кургак талаа ландшафты басымдуулук кылат. Түндүк капталында тулаңдуу чөп, түштүгүндө бетеге, шыбак, коктуларында сейрек майда бадалдар өсөт. Батыш этектеринде жемиш багы, түндүк -чыгыш капталдарында бак-дарак өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.