Байыркы германдар — инди-европалык тилде сүйлөгөн ири уруулар тобу; б. з. ч. 1-кылым ченде Рейн менен Висланын, Дунай менен Балтика, Түңдүк деңиздин жана Түштүк Скандинавиянын аралыгын мекендеген. Б. з. ч. 1-кылымда Байыркы германдар отурукташууга өтүп, уруулук жамаат болуп жашап, жерди менчиктебестен, чогуу иштешкен.1-кылымдын аягында аларда социалдык жиктелүү башталган. Уруу союздары түзүлүп, колунда байлык топтолгон уруу башчылары, айрымдарында король бийлиги болгон. Королду уруунун эркин мүчөлөрү шайлашкан жана анын бийлигин эл чогулушу менен аксакалдар кеңеши чектей алган. 2-3-кылымда өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү уруучулук түзүлүштүн акырындап бузулушуна алып келген. Эл чогулушунун мааниси төмөндөп, мамлекеттик бийликтин белгилери пайда болгон. Бул процессти Байыркы германдардын Рим империясы менен болгон тыгыз байланышы да тездеткен. 4-6-кылымда алар Элдердин Улуу көчундө маанилүү роль ойногон. Батыш Рим империясынын биртоп жерин басып алышкан жана анын натыйжасында ал аймакта вестготтордун, вандалдардын, остготтордун, бургундардын, франктардын, лангобарддардын королдуктары түзүлгөн. Герман уруулары азыркы кездеги батыш европалык элдердин (немец, швед, даниялыктардын ж. б.) калыптанышына негиз болгон. Европанын көп эли герман тилдеринде сүйлөгөн. Б. з. 1-кылымда эле Байыркы германдардын өз жазуусу болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4