Байыркы уйгур жазуусу - байыркы орхон-енисей жазуусунун негизинде түзүлгөн ташка чегип жазууга ылайыктуу рун жазуусу (Селенга дарыясынын боюнан табылган байыркы эстеликтер). Байыркы уйгур жазуусу арамей жазуусунун негизинде өнүккөн согда жазуу системасын өздөштүрүү аркылуу түзүлгөн. Жазуу жогортон төмөн карай жазылган. Байыркы уйгур жазуусунда манихей жана будда диний адабияттарынын котормолору, чарбалык, укуктук документтеринин үлгүлөрү сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4