Байыркы уйгур тили — орхон түрктөрүнүн, башкача айтканда байыркы огуздардын тилине жакын тил; байыркы жазуу эстеликтери бар жазма тилдердин бири. Бул тилде орхон тамгасы менен ташка чегилген байыркы эстелик (Селенга боюнан табылган), 5-8-кылымдагы байыркы уйгур тамгасы менен жазылган манихей-уйгур, будца-уйгур сыяктуу диний маанидеги чыгармалардын котормолору (мавускрипти), 10-15-кылымдагы араб тамгасы менен жазьшкан мусулман-уйгур эстеликтери бар. Байыркы уйгур тилдеринин фонетикалык түзүлүшү үчүн и-е, д-т, с-ш тыбыштарынын алмашуулары мүнөздүү. Анда катар муундардын чегинде лт, рт, нт тыбыш айкаштары келет (болтумуз болдук, билтимиз билдик). Байыркы уйгур тилдеринин грамматикалык түзүлүшүндө атоочтуктун байыркы (-ма: йор-ыг-ма бараткан) жана тангыч формасы (-матын, -метин, -мэтин: билмэтин билбестен) учурайт. Лексикасында байыркы иран, араб тилдеринин элементтери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4