Бай терек бул термин кыргыздарда бүткүл дүйнөлүк дарак жөнүндөгү шамандык түшүнүктү туюнтат. Ал эми бүгүнкү кыргыз тилинде «жалбырактары калың, туш-тушка тармакталып бутактап чыгуучу чоң терек» маанисин билдирет. Энесай кыргыздары жашаган Минусин ойдуңунда (Хакасия) «Пай-Тирек» аттуу топоним сакталып келет. Байыркы доорлордо жашаган ар бир уруунун (уруктун) сыйынган жаныбары, кушу, тоосу, эн тамгасы, дарагы болгондугу маалым. Бул кыргыздарда, өзгөчө Түштүк Сибирдин түрк-монгол тилдүү элдеринде соңку мезгил- дерге чейин сакталып келди. «Бай терек» кыргыздар үчүн ыйык дарак болгондугун айгинелеген фактылар бар. «Манас» үчилтигинде Букарды көздөй качып, жолдо чарчап-чаалыккан Каныкей жана Чыйырды ыйык деп эсептелген байтеректин көлөкөсүнө эс алууга токтоп, уйкуга кетишет. Ушул учурда кайдан бир ар- кар пайда болуп, Семетейди сүтү менен эмизгендиги баяндалат. Ушул эле эпосто асман менен жердин ортолугундагы тирөөч катары турган дүйнөлүк дарактын модел-түшүнүгү чагылдырылат. Бай терек (Чынар терек) эпостогу маалыматтар боюнча бутагынан адамга укмуштуу ал-кубат берүүчү сүт чыккан касиеттүү дарак. Дүйнөлүк оозеки чыгармачылыкта жана диний түшүнүктөрдө аалам дарагы (өмүр дарагы, космос дарагы) жөнүндөгү миф кеңири белгилүү. Ал дарактын тамыры жер астындагы дүйнөдө (өлүктөр өлкөсүндө), ортоңку сөңгөгү жер үстүндө (кадимки адамдар өлкөсүндө), башы асманда (Кудайлар өлкөсүндө) жайгашып, бүткүл ааламды өзүнө туташтырып турат деген ишенимге ээ. Бай теректин ээси көпчүлүк учурда аял (эне) түрүндө элестетилет. Атайын изилдөө жүргүзгөн окумуш- туулардын пикирине караганда «бай»- «ыйык», «Жаратуучу» (Кудай) деген мааниге ээ. Демек, «байтерек» - «ыйык терек», «жаратман терек» дегенди билдирет. Соңку мезгилдерге чейин байыркы дин шаманизмди тутунуп келген Борбордук Азияда жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармаларында Байтерек биздин эпостогуга салыштырганда байыркы белгилерин толук сак- тай алган Якут олонхолорунда ушундай эле дарак адамдарды ар кандай кырсыктан сактоочу гана эмес, алардын түпкү энеси да болуп саналат. Кыргыз, хакас жана алтайлыктардын дүйнөлүк дарак жөнүндөгү мифологиялык түшүнүктөрүндө бир катар жалпылыктар бар экендиги аныкталган. Бай терек - сарыбагыш уруусунун курамындагы урук катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү