"Бакай Банк" ААК — Универсалдуу коммерциялык ачык акционердик коом формасында түзүлгөн банк.

«Бакай Банк» ААК
Түрү

Ачык Акционердик Коому

Лицензиясы

№ 043 от 28.12.1998

АСТ-га катышуу

14/09 от 12.08.2009

Башкы мүдүрү

Аалы Уманкулов

Уставдык капиталы

2 697 678 миң сом. (январь 2020-жыл)

Жекелик капиталы

636 786 миң сом (2017)

Активдери

4 444 670 миң сом (2017)

Таза кирешеси

119 552 миң сом (2017)

Жумушчулардын саны

болжол менен 1500

Сайты

www.bakai.kg

«Бакай Банктын» түзүлүшүнө банктын башкы кеңсеси, Ош, Токмок, Жалал Абад, Кара Балта шаарларындагы, Ысык Көл облусунун Бостери айылындагы жайгашкан 7 филиалдан турат. Амананат кассаларынын тармагы Бишкек, Ош, Токмок, Каракол жана Жалал Абад шаарларын камтыйт[1].

«БакайБанк» ААК банк кызматтарынын кеңири түрүн тартуулайт. Азыркы учурда дүйнөнүн алдыңкы банктары жана КМШ өлкөлөрүндөгү банктар менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн.

Тарыхы түзөтүү

Өзүнүн ишкердүүлүк убагынын ичинде банк каржы рыногунда өзүнүн аракетин бекемдеди жана бүгүнкү күндо Кыргызстандын каржы системасынын айрылгыс бөлүгү болуп эсептелет. Натыйжада, БакайБанк 2002-2004 жылдары финансылык ишкердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча 3 жыл бою Кыргызстандын мыкты банкы деп табылган. 2005 жана 2006 жылдары. финансылык ишкердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ардактуу 3 орунду ээлеген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктардын арасынан жалгыз гана БакайБанк Вестерн Юнион системасы уюштурган TOP TEAMS "CLUB 500" WESTERN UNION (бул топ дүйнө жүзү боюнча алдыңкы тейлөө пунктарды бириктирет) тобуна кирет. Бул топтун ичинде БакайБанк алдыңкы жыйырманын ичинде. TOP TEAMS "CLUB 500" WESTERN UNION тобу Африка, Европа жана Борбордук Азияда жайгашкан 50 000ден ашык тейлөө пунктарын бириктирет.

Банктын биринчи түзүлгөн күндөрүнөн баштап, озунун ишкердүүлүгүндө өзгөчө банк операцияларын аткаруу сапатына жана ар бир кардарга ийкемдуу, жекече мамиле кылууну көздөйт. Банктын жетекчилиги кардарлар менен ар дайым каалаган каржы суроолорун, кызыктуу долбоорлорду, сунуштарды талкуулоого жана натыйжалуу чечимге келүүгө дайым даяр.

Эскермелер түзөтүү

  1. Филиальная сеть. // bakai.kg. Текшерилген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 11 -сентябрь (аяк оона) 2012.