Бакал сөзү кыргыз тилинде «кант, чай, күрүч ж.б. буюмдар сатылган дүкөн» маанисин туюнтат. Ушул эле сөз тунгус-манжур тилдеринде «аң тери» дегенди аныктайт. Термин байыркы Кыргыз доорунан эле белгилүү жана адамдардын соода-сатык, чарбалык-экономикалык ишмердүүлүктөрүнө байланыштуу келип чыккан. Акча бирдиги пайда боло элекке чейин, өзгөчө көчмөн жана тоолуу-токойлуу аймактарда жашаган элдерде соода мамилелери көбүн эсе аң тери менен жүргүзүлгөндүгү ырас. Маселен, «тыйын» деген акча бирдигинин аталышы териси соода-сатык алакаларында кенен пайдаланылган тыйын чычкан менен байланышкан десе болот. Анткени, энесайлык кыргыздарда 10, 20, 30, 50, 100 тыйын чычкан тери таңгактары «накай» деп аталган. Ошондуктан «бакал» сөзүнүн баштапкы мааниси «аң тери» формасында кароо негиздүү болчудай. «Бакалея» - учурдагы майда дүкөнчөлөрдүн аталышы да жогорудагы термин менен байланышта. Бакал - баргы уруусунун курамындагы урук катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү