Бакасов Черикчи — Обончу, аткаруучу Бакасов Черикчи Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында 1940-жылы 17-февралда туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин айылдык клубдун башчысы, китепканада кызматкер болуп иштеген. 1957-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштардын фестивалында лауреат болгон. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтун аяктап, 1961–2001-жж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде иштеп, ардактуу профессор наамын алган. К.Жантөшев атындагы облустук музыкалуу драма театрында музыка бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2002-жылдан бери К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жана №1 интернат-гимназияда музыка мугалими болуп иштейт. 1990-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» жана “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгилери менен сыйланып, 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген.

1958–2004-жж. хор менен эмгектенип, сынак, кароолордо Алымкул Султаналиев менен бирге Н.Давлесовдун «Айнаш», «Саанчы жеңе», «Студенттерге» деген чыгармалары менен бир нече жолу лауреат болгон.

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «Өзүңдү издеп» с. А.Дегенбаеваныкы
  • «Ак халатчан медикпиз» с. М.Алиевдики
  • «Ак-Суу» с. Б.Керимбаевдики
  • «Ар-Намыс» партиясынын гимни» с. Ү.Асаналиевдики
  • «Бегимайдын ыры» с. Д.Садырбаевдики
  • «Бир элес» с. И.Кылычевдики
  • «Жадырап турса» с. З.Сооронбаеваныкы
  • «Жаздын көркү» с. Э.Коңурбаевдики
  • «Жигитке» с. Д.Токсобаеваныкы
  • «Жоокер ыры» с. И.Кулуевдики
  • «Жүрөк сагынычы» с. Ч.Бакасовдуку
  • «Көл көктөмү» с. К.Жумалиевдики
  • «Куса болдум» с. Ч.Бакасовдуку
  • «Нарын кечтери» с. А.Нышановдуку
  • «Раймалынын ыры» с. Д.Садырбаевдики
  • «Сага» с. М.Алыбаевдики
  • «Сен кайдасың Мария» с. Н.Байтемировдуку
  • «Тоолор гана жолукпайт» с. Ж.Бекниязовдуку
  • «Чынар терек» с. Б.Калчабаеваныкы
  • «К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин гимни» с. Ү.Асаналиевдики