Баке мрамор кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 14 км түндүктө, Чүй дарыясынын оң өйүзүндө, Карагоо тоосунун түндүк-батыш капталында. Кен 1928-ж. табылып, 1957-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Мрамор катмары Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө тектердин арасында түндүк-чыгышка карай созулуп жатат. Калыңдыгы 23–5 0 м, узундугу 500–800 м. Өңү ак, боз, жол-жол темгилдүү. Майда кристаллдуу, өтө жаракалуу, монолиттердин өлчөмү 0,006–0,01 м3. Жакшы сайкалданат. Мрамор күкүм түрүндө колдонулат. Жалпы запасы С1 жана С2 категориялары боюнча 3987 миң.Дубалдарды каптоого, белек буюм жасоого жарактуу

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4