Бакиев Курманбек Салиевич
Бакиев Курманбек Салиевич — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмери, Кыргызстандын 2-чи президенти.
Бакиев Курманбек Салиевич | ||||
![]() | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
(м.а. 11-апрель 2005) 10-июль 2005 — 21-май 2010 | ||||
Андан мурунку: | Аскар Акаев | |||
Андан кийинки: | Роза Отунбаева | |||
Дини: | Ислам | |||
Туулган жери: | Масадан айылы,Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи | |||
Атасы: | Салы Бакиев | |||
Жубайы: | Татьяна Васильевна Петрова | |||
Балдары: | Марат,Максим (расмий никесинен) жана эки баласы (Уул жана Кыз) расмий эмес никесинен | |||
Партиясы: | Ак жол | |||
Билими: | Куйбышев политехникалык институту | |||
Кесиби: | Инженер-электрик | |||
Берилген макалада же бөлүктө булактардын же тышкы шилтемелердин тизмеси бар, бирок айрым өзүнчө ырастоолордун булактары сноскаларынын жоктугунан улам анык болбой калууда. Сиз дагы булактарга тагыраак көрсөтмөлөрдү киргизүү менен макаланы жакшырта аласыз.
|
Өмүр баяны
түзөтүүБийликке 2005-жылдын 24-мартындагы «Элдик ыңкылаптын» («Жоогазын ыңкылабынын») жеңишинин аркасында келген. Революциянын алгачкы сааттарында президентик милдетти Ишенбай Кадырбеков аткарган, андан соң бул кызматты Бакиев аркалап калган. 2005-жылы июлда (Теке айы)президент болуп жалпы тикелей шайлоонун натыйжасында шайланган. 2002-жылы (айтылуу Аксы окуяларынын маалында) өкмөт башчы болгон. 2009-жылы 23-августунда (Баш оона айдын 23) Кыргыз Республикасынын Президент шайлоосунда 6 талапкерлерден (Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Жеңишбек Назаралиев, Курманбек Бакиев, Уметалиева, Мотуев) арасынан 80 % ашык добуштары менен жеңүүчү Курманбек Бакиев чыккан.
2010-жылкы элдик ыңкылап
түзөтүү2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп чыгып, натыйжада ал оболу 7-апрелде Бишкектеги Ак Үйдөн Ош шаары аркылуу туулуп-өскөн айылы Тейитке кеткен, андан соң ал 15-апрелде Казакстан аркылуу Беларуска кеткен. Ушул тапта ал Минскинин жанында жашайт. Биринчи аялы Татьяна Орусияда жана Европада байырлап жатат.
Коррупцияга белчесинен батты деп шектелген уулу Максим Бакиев ушул тапта Улуу Британияда жүрөт.
Булактар
түзөтүү- Курманбек Бакиевдин расмий сайты Archived 2010-05-14 at the Wayback Machine
- КР президентинин интернет сайты Archived 2006-05-08 at the Wayback Machine
- http://www.azattyk.kg/content/news/2071490.html
- http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_Politics_Bakiev/2015611.html
- http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_election_Bakiev/2189605.html