Баклава – камырдан жасалган кондитердик азык. Жука жайылган камырдын ичине жаңгак, бадам же фундук салынып бышырылат. ал Осман империясында пайда болгон (азыркы Түркия). Бышкандан кийин үстүнө атайын шекер шербети деп аталуучу шире куюлат. Чыгыш элдеринин ашканасында (айрыкча Жакынкы чыгыш ашканасы).

Баклава


Этимологиясы түзөтүү

«Баклава» сөзү түрк тектүү. Байыркы түрк жазмаларында baklağu, baklağı түрүндө учурайт. Айрым окумуштуулар сөздүн моңгол тилиндеги «байла-; оро-» деген мааниден чыкканын белгилешсе да, моңголчодогу baġla- этиши байыркы түрк тилинен алынган сөз болуп эсептелет. Сөздүн араб тилиндеги bakla сөзү менен эч кандай катыштыгы жок. Түрк тилинен башка тилдерге да өткөнүн көрүүгө болот. Арабча بقلاوة , фарсча باقلوا, сомаличе baqlawad, күртчө baqlawa, албанча bakllava, румынча baclava, мажарча baklava, болгарча, сербче баклава, хорватча baklava, полякча bakława, чехче baklava, орусча пахлава, бахлава, украинче баклава, грекче μπακλαβάς, армянча փախլավա, грузинче ფახლავა, абхазча абаклау́а, бенгалча বাক্‌লাভা, англисче baklava.