Бактериоциддик лампа -төмөнкү басымдагы газ разряддык сымаптуу лампа.

Кубаттуулугу 15-30 вт. Лампаны электр линиясына кошкондо, сымап разряддалып, ультра кызгылт көк нур пайда болот. Бактериоциддик лампа операциялык бөлмөдөгү, бактериологиялык лабораториядагы ж. б. жайлардагы абаны зыянсыздандыруу үчүн жана дарылоо ишинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.