Бактероиддер - (бактериялар жана грекче e'idos түр) спора жана капсула пайда кылбоочу анаэробдуу бактериялар. Демейде кыймылсыз, өтө кичине таякчалар. Кишинин ооз көндөйүндө, ичегилеринде, жыныс органдарында дайыма жолугат. Көп түрлөрү патогендүү катуу сезгенүү процесстерин пайда кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4