"Бактысыз окуялар" (англ. A Series of Unfortunate Events) — Лемони Сникет каймана аты менен жарык көргөн америкалык жазуучу Дэниел Хэндлердин 13 китептен турган балдар романдары. Китептер Вайолет, Клаус жана Күн Бодлердин окуясына окурмандарды жетелейт. Ата-энелери өрттө каза болгондон кийин балдар каардуу тууганы граф Олафтын карамагына өткөрүлүп берилет. Граф Олаф аларга мураска калган нерсени уурдаганга аракет кылып, балдар качып кетейин деп атканда көптөгөн кырсыктарды өзүнүн кылмышкер өнөктөштөрү менен уюштурат. Китептеги окуя өнүгүп олтуруп, Болдерлер бара-бара үй-бүлөсүн курчаган сырдуу чөйрө менен Ө.Б.Ы. деген аталыш менен таанымал сырдуу коомчулуктун тиешеси болгон терең кутумдарга туш болушат. Аны менен Олаф да, ата-энелери да байланышы бар болгон. Китептер сериясы Сникет тарабынан баяндалат. Ал өзүнүн ар бир эмгегин раматылык сүйүктүүсү Беатриске арнап, окурманды Бодлерлердин окуясын мындан ары окуудан алыстатууга аракет кылат.

Викториан готикалык мүнөз менен абсурд текстке ээ болгон китептер кара тамашасы, шылдыңдоочу окуя баяндоосу, анахроникалык элементтерди камтышы жана ошондой эле маданий жана адабий кыйытмалары менен белгилүү болгон. Китептер постмодерн жана метапрозалык чыгарма категориясына киргизилген. Балалык кездеги идиллиялык тазалыктан бойго жеткенден кийинки адеп-ахлактык татаалдыкка өтүүдөгү психологиялык жараянды изилдеген китептердин мазмуну кийинки романдардын аягына чейин өнүгүп олтурган. Ошондой эле, сериянын акыркы бөлүмдөрүндөгү философиялык карама-каршылыкка карата адеп-ахлактык эки ача мамиленин өсүшү баса белгиленген. Булар жомоктордун жакшы жактары деп аталса да, Болдерлердин айрым кыймыл-аракеттеринин табияты терс каармандар тарабынан кыйынчылык менен кабыл алынып, туура эмес жасалган иштер үчүн пайда болгон башка каармандар жоопкерчилик алышат.

"Жаман башталыш" аттуу биринчи роман 1999-жылдын сентябрь айында жарык көргөндөн бери китептер белгилүү бир популярдуулукка жетишип, сынчылардын баасына татыган жана дүйнө жүзү боюнча коммерциялык ийгилик жарата алган. Алардын негизинде тасма, видео оюндар, ар түрдүү буюм-тайымдар жана Netflix компаниясынын телесериалы пайда болгон. Бул циклиндеги негизги он үч китеп жалпысынан 65 миллион нуска менен сатылып, 41 тилге которулган. Романдар баяндаган ааламдагы окуяларды чагылдырган бир катар жандаш китептер да жарык көргөн. Алардын катарында "Лемони Сникет: Уруксатсыз автобиография", "Биатристин каттары" жана Сникеттин жаштык кезин сүрөттөгөн "Бардык туура эмес суроолор" аттуу нуар жанрындагы тетралогиялык башталыш китептери бар.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү