Баку окуялары (1990) - Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак Автономия облусунун (ТКАО) айланасындагы талаш тартыштарга байланыштуу келип чыккан улут аралык кагылышуулар. 1987-ж. ТКАОдо басымдуу көпчүлүктү түзгөн армяндардын облустун статусун өзгөртүү жана Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу тууралуу талаптары армяндар менен азербайжандардын ортосундагы тирешүүлөргө алып келип, анын натыйжасында качкындардын массалык агымын пайда кылган. Азербайжандар Тоолуу Карабактан, ал эми Баку жана Азербайжандын башка шаарларынан армяндар кетүүгө аргасыз болгон. 1988-ж. 27-29-февралда Сумганттеги армяндар көптөгөн курмандыктарга алып келген массалык талаптоноо, сабоолорду уюштурушкан. 1989-ж. Азербайжанда түзүлгөн Азербайжан Элдик фронту (АЭФ) ТКАОну республиканын курамында калтыруу, азербайжандарды ал жактан чыгарууга тийиштүү күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, өлкөнүн жетекчилигин коррупцияланган жана башкарууга жөндөмсүз деп айыптаган. 1990жылдын башында өкмөттүк имараттардын алдында пикеттер уюштурулуп, жолдорго патрулдар коюлуп, аскердик гарнизондор блокадага алынган. 13-15-январда Бакуда армяндарды талап-тоноо, сабоо уюштурулган. 17-18-январда АЭФтин чакырыгы менен Азербайжан КП БКнын имаратынын алдында республиканын жетекчилигинин отставкасын талап кылган массалык митинг болуп өткөн. Москвадан келген СССР Жогорку Советинин Союздар Советинин төрагасы Е. М. Примаков, КПСС БКнын секретары A. Н. Гиренко, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орунбасары В. X. Догужиевдер өлкөдөгү абалдын оордугун билдиришкен соң, 19-январда СССР Жогорку Советинин чечими менен республикада «Өзгөчө кырдаал абалы» жарыяланып, аскерлер киргизилген. Шаардын комендантынын маалыматтары боюнча 19-20-январда Бакуда 83 киши курман болгон, айрым маалыматтарда 1800дөн ашык киши дайынсыз жоголгон. Советтик Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы менен Ички иштер министрлигинин атайын аскерлери республикадагы абалды көзөмөлгө алган. 24-январда Азербайжан КП БКнын Пленумунда БКнын 1-секретарлыгына А. Везировдун ордуна А. Муталибов шайланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4