Балакирев Милий Алексеевич

Балакирев Милий Алексеевич – (21. 12. 1836 (2. 1. 1837), Нижний Новгород 16 (29) 5. 1910, Санкт-Петербург) орус композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Балакиревдин пианисттик жана дирижёрдук ишмердиги Петербургда башталган (1856). 1960-жылдарда «Орустун жаңы музыкалык мектеби», «Балакиревдин ийрими», «Кубаттуу топ» аттуу ийримдерди уюштурган.Ал «Орустун үч темасына увертюра» (1858, 2-редакциясы 1881), «1000 жыл» аттуу орустун үч темасына экинчи увертюра (1862) менен чех увертюрасын (1867), 1-симфониясын (1864-98) жазган (2-симфониясы 1908-ж. жазылган). Орустун эпикалык симфония жанрынын жаралышы Балакиревдин ысымы менен байланыштуу. Балакирев орустун оригиналдуу фортепьяно стилин жаратуучулардын бири. Орус камералык-вокалдык музыкасында анын романстары менен ырлары өзгөчө орун ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4