Балбандар, таш статуялар - көчмөн түрк уруулары мүрзө үстүнө коюшкан скульптуралык эстеликтер.

Алардын көпчүлүгүнө адамдын түспөлүн кийим-кечеси, канжары, кылычы менен кошо берет. Адамдын бет түзүлүшүнүн сүрөтү гана түшүрүлүп, одоно сомдолуп жасалгандары да бар. Мындай таш скульптуралар Монголиядан Борбордук Тянь-Шанга чейинки жерлерде кеңири тараган. Алардын көбү 6-8-кылымга, кээ бирлери 9-13-кылымга таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.