Балдардын төрөттө жабыркашы

Балдардын төрөттө жабыркашы - баланын төрөлүп жаткан учурда жапа чегиши.

Буга төрөттүн өтө тез же өтө кеч жүрүшү, жатындагы баланы курчап турган суу эрте агып кетип, бала "кургак" төрөлүшү, баланын жатында туура эмес жатышы ж. б. себеп болот. Ошондой эле ара же чоң төрөлгөн балдар да жабыркоого дуушар болот. Төрөт убагында баланын ар кайсы жери жабыркап, көбүнчө башы, акырек сөөгү, буту-колу сынышы мүмкүн. Айрыкча баланын мээси менен жүлүнү жабыркаса коркунучтуу. Төрөт жолу аркылуу өтүп бара жаткан баланын башы катуу кысылуудан мээге же мээ кабыкчаларына кан агуу пайда болушу мүмкүн. Мээ жабыркаганда, демейде асфиксиянын белгилери байкалат. Мындай учурда баланын өлүп же өмүр бою майып болуп калышы мүмкүн. Балдардын төрөттө жабыркашынан сактануу үчүн кычкылтектин жетиштүү болушун камсыз кылуу зарыл. Балдардын төрөттө жабыркашын дарылоо: балада жабыркоо белгилери билине баштагандан тартып энеге тынч шарт түзүү, кальций, "К" витамини жана денени тырыштыруудан сактоочу дарыларды берүү чаралары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.