Балдар адабияты - балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөбөктөр, тестиер балдар, өспүрүмдөр үчүн арналып жазылган адабий чыгармалардын жалпы аталышы. Балдар үчүн жазылган чыгарманын тили жөнөкөй, түшүнүктүү, элестүү жана бай болуусу керек. Балдар адабияты балдарды сөз маданияты менен тааныштырат, ойлоо жөндөмүн кеңейтет. A. С. Пушкиндин жомоктору, И. А. Крыловдун тамсилдери, Д. Дефонун «Робинзон Крузо» романы балдардын сүйүктүү китептеринен болуп саналат. X. К. Андерсендин, ага-ини Я. жана В. Гриммдердин жомоктору, М. Твендин повесттери ж. б. чыгармалары жаш муундардын айлана-чөйрөгө болгон көзкарашын тереңдетип, Ата Журтка, элине болгон сүйүүсүн арттырат, түркүн өнөргө шыктандырат, жоопкерчиликтүү чоң иштерди аткарууга даярдайт. Азыркы Балдар адабияты көп улуттуу. Алардын ар биринин өз-алдынча өсүш жолу, тарыхы бар. В. В. Маяковский, К. И. Чуковский, С. Я. Маршак, М. Ильин, А. П. Гайдар, В. П. Катаев, С. В. Михалков, Л. А. Кассиль өңдүү жазуучулардын балдар үчүн жазган чыгармалары дүйнөгө белгилүү. Кыргыз Балдар адабияты совет мезгилинде жаралды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4