Балдар китепканалары - балдарга өз аң сезимин рухий жактан байытууга, илим негиздерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу маданиятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Балдар китепканасы Кыргызстанда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-ж. М. В. Фрунзе атнындагы алгачкы борбордук балдар китепканасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, кийин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-ж. чейин Кыргызстанда 5 гана балдар китепканасы болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе облусу), Ош, Ысык-Көл облусунда ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын балдар китепканасы уюштурулган. 1954-ж. Фрунзе шаарында Фрунзе облусунда балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-ж. республикалык балдар китепканасына айланган. 1972-ж. Балдар китепканаларынын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жылда 106га жеткен, анын ичинде 1967-ж. Ош облусунун балдар китепканасы, 1972-ж. Нарын жана Пржевальск (азыркы Каракол) шарында, кийин 1980-ж. Талас шаарында балдар китепканасы ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогорулаткан. 1966-ж. Фрунзе шаардык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-ж. ал Кыргыз ССР мамлекеттик республикалык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-ж. К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-ж. бул эки китепкана бириктирилип, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин республиканын коомдук турмушу жаңыланып, балдар китепканасы көп өзгөрүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга байланыштуу 130 балдар китепканасынын 45% жабылып, учурда 72 балдар китепканасы мезгил талабына жараша балдарды эли-жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, маданиятын, искусствосун жана адабиятын кеңири үйрөнүп билүүгө багытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Балдар китепканасынын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, илим, көркөм адабияттар, гезит журналдар менен камсыздалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4