Балдар оюну — балдардын активдүү иш-аракетинин бир түрү. Оюн турмуштук окуяларды, өзгөчө улуулардын кылык-жоругун туурайт.

  • Оюндар - теги, табияты, мазмуну боюнча социалдык кубулуш. Көпчүлүк оюндар улуттук, элдик мүнөзгө ээ жанa тукумдан -тукумга өтүп келген.
  • Оюндар баланын жеке инсан катары калыптанышына, болмушту таанып билишине, чыгармачыл шыгынын өркүндөшүнө зор өбөлгө болот.
  • Педагогикада оюндар манипуляциялык (3 жашка чейинкилер үчүн), сюжеттик (ролдук, режиссёрдук жанa драмалаштырылган), кыймылдуу жанa дидактикалык деп бөлүнөт.
  • Манипуляциялык оюндар наристени предметтерди айырмалай билүүгө, аларды колдонууга үйрөтөт. Сюжеттик оюндар мектеп жашына чейинки бал­дардын белгилүү бир роль (адамдын, айбандын, машинанын ж. б.) аткарылышына негизделет. Мындай оюндар экилтик мүнөздө болот (мис., ойноп жаткан бала бир эле мезгилде ма­шина айдайт жанa стулда отурат).
  • Драмалаштырылган оюндарда мектеп жа­шына жакындагандар жанa кенже класстардын окуучулары адабий чыгармалардын мазмунун театрлашкан мүнөздө кайталайт. Кыймылдуу оюндар спортко жакындашат. Ал эми дидак­тикалык оюндарда нерселер, алардын өзгөчөлүктөрү, касиеттери, табият кубулуштары жөнүндө жаңы билимдер өздөштүрүлөт. Оюндар балдар коллективинде да кеңири колдонулууда. Мис., «Зар­ница», «Булгаары топ».

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.