Балкар керамикасы - б. з. ч. III миң жылдыкта Түндүк Кавказда пайда болгон карапачылык кол өнөрчүлүгү. Балкар-Дагестандагы Лак айылы көркөм керамиканын байыркы борбору болгон. Уламыш боюнча карапачылык өнөрдүн пири Калькучи Балкар айылынын аялдарын кол станокто ошол жердин топурагынан керамика жасаганга үйрөткөн. Карапачылык менен шугулдануу бул жерде аялдардын иши болгон. Азыркы Балкарда карапачылык техникасы (карапа жасоочу калып, эшип ийлөө ыкмасы жана эски конструкциядагы мештерде бышыруу ж. б.) көп деле өзгөргөн жок. Балкар керамикасына өзгөчө тектоникадагы жука капталдуу ар түрдүү идиштер, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү миңдеген жылдардан бери калыптанган кенен, бышык, узун моюндуу, суу ташуучу «уршалар», жуунуучу, май салуучу, эжигей туздоочу кумуралар, дан салуучу идиштер, табак, мискей, майда пластика кирет. Карапанын түсү менен ак ангоб жазуусунун тор саймасынын айкалышы Балкар керамикасынын мүнөздүү белгилеринен болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4