Балкаш - Ала-Көл ӨрөөнүКазакстандын чыгышында деңиз деңг. 342-600 м бийиктиктеги жалпак ойдуң.

Түндүк -батышын Балкаш көлү, чыгыш жагын Сасык-Көл жана Ала-Көл, түш-түгүн Тоо-Кум, Сары-Эшик аймагы, Моюн-Кум ж. б. кум массивдери ээлейт.

Ойдуңдун көпчүлүк бөлүгү олигоценге чейинки бүгүлүүдөн пайда болуп, неоген жана антропогендик кумдуу агынды чөкмөгө толгон. Өсүмдүк-төрүнөн сөксөөл, терискен, шыбак, шор жерлерде баялыч ж. б., дарыя бойлорунда калың камыш, тал, жийде өсөт. Климаты кургак, кескин континенттик, жылдык жаан-чачыны 135-200 мм.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.