Балташев Байызбек
Балташев Байызбек (20.12.1942-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - саламаттык сактоо тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.
Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин бүткөн (1967).
- 1967-73-жылдары Ала-Бука районунун 1-Май колхозунун ооруканасында башкы дарыгер,
- 1973-75-жылдары Шакафтар шаарчасындагы республикалык кургак учук ооруканасында педиатр,
- 1975-80-жылдары Ала-Бука райондук ооруканасында башкы дарыгердин орун басары,
- 1980-83-жылдары Чаткал райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары,
- 1983-93-жылдары башкы дарыгери болуп иштеген.
- 1993-жылдан Айгыр-Жал айылдык ооруканасынын башкы дарыгери.
Мактоо баракчалары менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6