Балта тумшук (лат. Coccothraustes coccothraustes) - таранчы сымалдар түркүмүнүн мукурлар тукумундагы канаттуу.

Балта тумшук

Денесинин уз. 18-23 см. Тумшугу жумуру жана күчтүү. Алкымы, көздөрү менен тумшугунун айланасы кара. Евразия материгинин түштүк жарымындагы токойлуу жерлерде жашайт. Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак токойлордо, ошондой эле Алай - Түркстан тоолорунун арчалуу беттеринде уялайт, анча-мынчасы кыштай калат. Күрөң чаар көгүш келген 4-5 жумуртка тууйт. Балта тумшук шилби, карагат, алча сыяктуу бадалдардын жана бактардын мөмөлөрүн, уруктарын жейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.