Балтушис Юозас (өз аты -Альбертас Юозенас; 1909-ж. т. ) - литва совет жазуучусу, коомдук ишмер.

1944-жылдан КПССтин мүчөсү. Чыгармачылык иши 1932-жылдан башталат. Ал -"Жакшы башталган жума" (1940), "Ак беде" (1943), "Аталар жана агалар жолу менен" (1967) ж. б. аңгемелер жыйнактарында совет бийлигине чейинки литва жериндеги тап күрөшүп көрсөткөн. "Короздор кыйкырат" (1947) пьесасынын автору. "Текке кеткен жылдар" романы (1957- 69) литва адабиятындагы көрүнүктүү табылга болду. Балтушис Литва ССР Жогорку Советинин 2-5-шайл. депутаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.