Балтыркан (лат. Heracleum) — өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумундагы уруусу; эки же көп жылдык чөп. Сабагы түктүү, катуу, көңдөй, бийикт. 1—1,5 м. Жалбырагы татаал же үч ача кесилген. Моноже поликарптык өсүмдүк. Гүлү майда, ак, сары, жашыл, мала кызыл. Топгүлү татаал чатырча. Мөмөсү кутуча. Жер жүзүндө 70, Кыргызстанда 4 түрү жайлоодо, бөксө тоодо суу жээктеп өсөт. Уругу менен көбөйөт, көпөлөктөр чандаштырат. Тоют катары пайдалынылат, жаш өркүндөрү желет. Алай тоолорунда жана Чоң Кемин өрөөнүндө эки эндемик түрү өсөт. Уругунда эфир майы, кумарин болгондуктан, медицинада колдонулат. Балтыркандын көп түрүнүн ширеси дерматит (күйүк) пайда кылат. Кээ бир түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.

Heracleum lanatum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4