Балыкин Валерий Васильевич

Балыкин Валерий Васильевич (1941-ж.туулган, Бишкек) ички кызматтын генерал-майору (1990). Бишкек политехника институтун (1964), Ташкен партиялык жогорку мектебин (1984) бүткөн. 1958-80-ж. «Оор-электрмаш» заводунда инженер, конструктордук бюронун начальниги, башкы инженер, директор, 1980-82-ж. Кыргызстан КП Биринчи май райкомунун 2-секретары, 1982-93-ж. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары, 1993жылдан ИИМдин системасында жетекчилик кызматта. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4