Балыкты родонит кени Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Нарын шаарынан 90 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2800–3400 м бийиктикте. 1982-ж. табылган. Өрөөндүн борпоң катмарларында, 1х1х1 смден 5x5x10 смге чейин болгон зергердик кооз таш-родонитти камтыган жумуру таштар кездешет. Родониттин өңү саргыч-жашылдан коюу жашылга чейин жана түссүз. Родонит кабошондорду ж. б. кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Болжол ресурсу 5,7 т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү