Балык көлмөсү - балык өстүрүүчү табигый же жасалма көлмө. Ал чарбанын суу тосууга ылайыктуу жеринде болот. Жылуу сууда жашоочу балыктар үчүн көлмө шалбаа же саздуу жерге курулуп, жылуу көл суусу жана өзөн суусу пайдаланылат. Ал эми муздак сууда жашоочу балыктар өстүрүлүүчү көлмө кыртыштуу, органикалык заттары аз жерге жайгаштырылып, булак же арык суусу менен толтурулат. Көлмө суу менен толтурулуп же суусу алмаштырылып турууга ылайыкталып, ага суу агызгыч орнотулат. Ага балыкты чыгарбоо, башка балыкты киргизбөө үчүн калканч тор тосулат. Балык уругун таштоочу, чабак өстүрүүчү жана кыштоочу көлмөлөр да болот. Көлмөнүн жээгине көлөкө болбосун үчүн өсүмдүк өстүрүлбөйт жана ылай суу менен агындыдан тазаланып турулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4