Балыш — саймаланып жана куралып жасалган асем буюм, жаздык. Ал башка жаздалып, артка жөлөнгөнгө колдонулат. Балышка көбүнчө «илме дос», саймасынын «тогуз төбөлөө», «айкеште» түрү салынат, ал эми курактын «кунаба курак», «айырма курак», «бөрү көз курак», «турна курак» ж. б. түрлөрү балыштын көркүн ого бетер ачат. Балыш кездемеден тигилип, ичине кебез, жүн, айрым учурда куш жүнү да салынат. 12 балышты бир кертимди түзүп, жүктүн үстүнө же өзүнчө жыйылат. Кыргызстандын түштүк аймактарында кеңири колдонулуп, кыздын себине кошуп беришкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4