Бальзамдар - (гр. balsamon жыттуу чайыр) өсүмдүктөн алынган органикалык бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма бирикмелерден (эфир майларынан), чайыр жана анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой кислотасы жана алардын татаал эфирлери, альдегиддер, кетондор, спирттер) турат. Сууда иш жүзүндө эрибейт, органикалык эриткичте эрийт. Бальзамдар өзгөчө жыттуу, өткүр, даамы ачуу, илээшме суюктук; абада эфир майларынын бууланышына жана окистенишине жараша катууланат. Тропик жана субтропикте, чанда түндүк же мелүүн алкакта өсүүчү жыгач өсүмдүктөрдө пайда болот. Ал кадимки зат алмашуу продуктусу катары же сөңгөк жабыркаганда бөлүнүп чыгат. Негизинен кабыктын клетка аралык боштугунда, кээде жалбыракта жана жаш жыгачта чогулат. Бальзамдар канифолду, лак ж. б. даярдоо үчүн сырье; парфюмерияда, косметикада жана дары заттарды алууда колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан алынат. Жасалма бальзамдар эфир майларынын спирттеги эритмеси, чөптөрдүн тундурмасы болуп эсептелет. Табигый бальзамдардын аналогу синтезделип алынган, мисалы, поливинилбутил эфири (винилин) же Шостаковский бальзамы жараатты дарылоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4